Депутат Кадырбеков кыргыз-казак чек арасында жасалма тыгын уюштургандар бар экенин айтты

Бүгүн, 20-апрелде депутат Нуржигит Кадырбеков Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-казак чек арасында жасалма тыгын уюштургандар бар экенин айтты.

Анын айтымында, ошол жерде «3 миң сом берсең, өткөрүп коём» дегендер бар. «Кыргыз тарап жасалма тыгын уюштуруп, ошол жерде “3 миң сом берсең, өткөрүп коём” деген жигиттер жүрөт дейт. Бул маалымат ошол жердеги кыйналган адамдардан болуп жатат. Бажы жана чек ара кызматтары ушуну текшерип койсун. Чын эле ушундай болсо, уюштургандарды “каракчылык” беренеси менен жазалаш керек», — деди ал.