Депутат Кадырбеков: «Мектепти бүтүрүү кечелерине 20 миң сомдон чогултуп жатышыптыр»

«Мектепти бүтүрүү кечелерине 20 миң сомдон чогултуп жатышыптыр». Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.

«8-июнь күнү окуу жылы аяктайт. Мага ата-энелер кайрылып, мектептин бүтүрүүчүлөрү 20 миң сомго чейин топтоп, кече өткөрөбүз, кортеж уюштурабыз деп жатышканын айтышты. Ушундай шаан-шөкөттөрдөн кырсык чыгып кетчү эле. Билим берүү министрлигине жана Ички иштер министрлигине протоколдук тапшырма берип коёлучу. Жакшылап көзөмөлгө алсын», — деди депутат.