Депутат Кадырбеков: «Туу боюнча пикирин билдирген активистти бошотуп, жылды позитив менен баштасак жакшы болмок»

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков тууну өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин камалган жарандык активист Афтандил Жоробековду бошотуу маселесин көтөрдү.

«Жаңы туубузду кечээ көтөрүп келдик. Ушул туу боюнча пикирин билдирем деп Афтандил Жоробеков деген жигит азыр изолятордо отурат. Апасы кайрылыптыр, аны бошотуп, жылды позитив менен баштасак жакшы болот эле», — деди ал.

Афтандил Жоробеков 7-декабрь күнү кармалган. УКМК маалымат таратып, социалдык тармактагы баракчасы аркылуу республикада коомдук кырдаалды туруксуздаштырууга жана массалык баш аламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасаган деп айыпталып жатканын билдирген.