Депутат Калпаев БРИКС форумунда кыргыз тилинде сүйлөдү

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн онунчу БРИКС парламенттик форумунун алкагындагы пленардык жыйынга катышты. Маданий-гуманитардык тармактар боюнча парламенттер аралык кызматташтык тууралуу баяндама жасаган депутат аталган багыттар Кыргыз Республикасынын тышкы саясатында да артыкчылыкка ээ экенин кошумчалады.

“Ааламдашуу доорунда маданий-гуманитардык кызматташтык улуттар аралык достукту, мамлекеттер аралык ынтымакты бекемдөөгө көмөкчү болот. Андыктан, биз аталган багыттарда тыгыз иш алып барып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруубуз кажет. Айрыкча мында парламентарийлердин салымы чоң. Себеби, парламенттер гуманитардык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдарды кабыл алып, колдоо көрсөтө алат”, – деди Бактыяр Калпаев.

Ошондой эле дүйнөгө белгилүү, залкар жазуучу Чыңгыз Айматовдун чыгармачылыгы тууралуу да учкай кеп кылган депутат улуу калемгердин эмгегин баалап, даңазалоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин демилгеси менен КМШ ПААнын атайын сыйлыгы негизделгенин мисал кылды. Эл өкүлү белгилегендей, сыйлык илим жана адабият тармактарында ийгилик жараткан инсандарга ыйгарылып келет.

Мындан тышкары, КМШга мүчө-мамлекеттер менен БРИКС өлкөлөрүнүн ортосунда маданий-гуманитардык тармактар боюнча парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү өтө зарыл экенин айткан Бактыяр Калпаев: “Бул уюштурулуп жаткан форум мамлекеттерибиздин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүдө жана достукту чыңдоодо маанилүү кадам болуп берет деген терең ишеничтемин”, – деди.