Депутат «калыс» деген пункт боюнча: «Ван Даммдай болгондор көбөйүп кетиши мүмкүн»

Бүгүн, 29-июнда парламент жыйынында депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин регламентинде «макул», «каршы», «калыс» деген үч вариант каралганын айтты.

Депутат Арсланбек Малиев белгилегендей, чечим кабыл алууда бир топ маселелер бар болгондуктан, үч вариант тең болушу керек. Ошондуктан, «калыс» деген пункт дүйнөлүк практикадагыдай болушу керек деп эсептейт ал.

«Негизинен караганда, «макул» же «каршы» деп берсек жакшы болмок. Болбосо, Жан-Клод Ван Даммдай болгондор көбөйүп кетиши мүмкүн», — деди ал.