Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы жыйынына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев келип, коррупция боюнча мыйзам долбоорун баяндады.
Депутат Чыңгыз Ажибаев сөз сүйлөп, кыргыз-тажик чек арасынын чечилип жатышы боюнча жакшы жаңылык болгонун айтты. «Буга чейин бир дагы жетекчинин эрки жеткен эмес. Сиз чыныгы баатырлыгыңызды дагы бир жолу далилдедиңиз. Сизге, комиссия мүчөлөрүнө алкыш», — деди ал.
Ал ошондой эле жаңы мыйзам бүгүнкү күндүн талабы экенин айтты.