Депутат: «Канат Исаевди таптыртыңыз, комиссиясын чогултуп, Жетигенов боюнча жыйынтык берсин»

«Кечээ эле айткам, кайра-кайра айткандан уялып жатам. Канат Исаев кана? Комиссиясы кана? Кечээ депутат Бактыбек Жетигеновду жоопко тартуу боюнча комиссия жыйынтык чыгарып, бүгүнкүгө талкууга алып чыгам деди эле». Бул тууралуу жыйында депутат Аманкул Токтомамбектов билдирди.

«Төрайым сизден сураныч, Канат Исаевдин кайда экенин таптыртыңыз. Комиссиясын чогултсун. Сөз берген», — деди ал.

Кечээ, 8-декабрда Жогорку Кеңеште депутаттар Жээнбеков, Зулпукаровду жоопко тартууга макул болушкан жок. Ал эми кармалган дагы бир депутат Жетигеновдун жактоочулары комиссиянын жыйынан келбей калгандыктан, ага карата комиссиянын чечими чыккан эмес.