Депутат кароого киргизилген мыйзам долбоору боюнча: «2022-жылга чейин уурдап жетишсең, сен чынчыл адам болосуң»

Бүгүн, 21-июнда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында жеке жактардын автивдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө мыйзам долбоору кароого киргизилди.

«Мен өзүмдү келесоо сезип жатам. Бул мыйзам боюнча уурдап жетишпей калыптырмын. Демек, сен «лох», келесоосуң. Эгер сен 2022-жылга чейин уурдап жетишсең, сен чынчыл адам болосуң. Мына бул мыйзамдын маңызы ушундай. Коррупционерлер бул мыйзам кабыл алынганда шампан аттырышат. Эгер сен дарыканага барып, дары уурдасаң, сен камаласың, эгер миллион уурдасаң медаль аласың. Тилекке каршы ушундай», — деди ал.