Депутат: «Каза болгон адамдын жакындары аза күтүп отурса, калган туугандары мал союу аракети менен жүрүшөт»

Кечээ, 24-февралда президент Садыр Жапаров өлүм чыккан жерде мал союлбашы керектигин айтып, жарлыкка кол койгон. Ал эми парламентте ушул тариздеги мыйзам долбоору каралып жаткан эле.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Улугбек Ормонов SUPERTV телеканалынын «Саясий коктейль» берүүсүнүн жүрүшүндө мындай кадамга мигранттардын суранычы да түрткү болгонун айтты. «Бул мыйзам долбоору 2021-жылы май айында коомдук талкууга коюлган. Буга эң негизги себепкер 7 облустун аксакалдары биригип, демилге көтөрүшүп, ашыкча ысырапкерчиликке чектөө коюлса деген демилге менен чыгышкан. Мындан тышкары, сыртта жүргөн жаштар да кайрылышып, «Тапкан каражатыбызды Кыргызстанга жибергенибиз менен өлүм-житимге кетип жатат. Мыйзам чегинде чектөө болобу?» дегенинен, иштеп чыгып, талкууга койгонбуз. 90 пайызы мыйзам туура, бирок айыптар аз дешкен», — деди ал.

Мындан тышкары, ал мыйзам долбоорго каршы болуп, «кыргыздын салт-санаасын бузбагыла» дегендер болгонун айтат. «Алар азчылыкты түздү. Мыйзамды колдогондор көп болуп, мыйзам 1-окуудан өткөн. 2-окуусу жаңы парламентке туш келип жатат. Кечээ президенттин жарлыгы чыкты. Мен окуп чыктым. Маркумдарды жерге берүүдө гана эмес, той-аштар боюнча да сунуш бар. Болбосо, качан болду эле тойго миң кишини чакырып, той берген. Бул теңсиздикти жаратат. Адам каза болгондо, жакындары аза күтүп жаткан учурда, туугандарынын бир бөлүгү канча мал союнун аракетин көрүп жүрүшөт», — деди ал.