Депутат: «Казино боюнча добуштун ачыкка чыгып кеткени бул капка ката албаган шибегедей болчу»

Казино боюнча добуштун ачыкка чыгып кеткени бул капка ката албаган шибегедей болчу. Бул тууралуу депутат Мирлан Самыйкожо «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Бул коомдо шибегедей нерсе болчу. Ошондуктан капка катылган жок. Мага эч ким өзүнүн оюн таңуулай албайт. Таңуулабашы керек. Биз бир мандаттуу округдан шайландык. Алар партияны эмес, кишини тандашты», — деди ал.