Депутат: «Казинонун логотиби Балбак Түлөбаевби?»

«Алтынчы чакырылыш аты бар чакырылыш болгон. Эми азыр да Ала-Куш өз атын өзү чакырат болуп жатабыз». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.

«Ушул казиноңор боюнча мыйзамдын демилгечиси Жогорку Кеңешпи же өкмөтпү? Өкмөт болсо, өкмөт жооп бербейби, бул жерде депутаттарды кырылыштырбай. Же эмне казинонун логотиби Балбак Түлөбаевби?» — деп суроо салды ал.