Депутат: «Кечээ Өзбекстандын парламенти эки келишимди ратификациялады»

Кечээ, 14-ноябрда Өзбекстандын парламенти эки келишимди ратификациялады. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев жазып чыкты.

Алар:

1) Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу;

2) Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо.

Эки келишим тууралуу маалыматты Өзбекстандын премьер-министри берди. Анын сөзүнөн кийин депутаттар чыгып сүйлөшкөн. Добуш бергендердин арасында каршылар да болгону маалымдалды.