Кечээ Тажик тарап «электр энергияны Кыргызстанга саткан жокпуз» деп айтып жатат. Парламентте так маалымат жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйнында депутат Дастан Бекешев билдирди.
«Элект энергия эмне болуп жатат? Биздикилер Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Тажикстандан алабыз деп айтып жатышат. Суроолор депутаттарга келүүдө, а биз билбейбиз. Өкмөт бизди, элди алдап жатса, анда аларды бул жакка чакыралы», — деди депутат.