Кечээ, 10-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында кыргыз-өзбек чек арасын тактоого байланыштуу маселе каралды. Ал президенттин айтымы менен ачык өтмөк, бирок жыйынга келгенде техниканын бардык түрүн жыйынга алып кирүүгө уруксат берилген жок. «Президент айткандай талаш жерлердин 99 пайызы биздин пайдабызга чечилиптирби? Кандай жагдайда сиз бул макулдашууга каршы чыгасыз?» деген суроо менен жыйынга катышкандарга кайрылдык.
Депутат Максатбек Сарбагышевдин айтымында, анын бул боюнча өз сунушу да бар. «Биз тиешелүү иш-кагаздарын көргөндөн кийин чечим кабыл алууга туура келет. Азыр болсо, талкуу эле болуп жатат», — деди ал.











