Депутат кесиптештеринен саламаттыкты сактоо министрин колдоп коюуну өтүндү

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат. Анын жүрүшүндө депутат Камчыбек Жолдошбаев кесиптештеринен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди колдоп берүүнү өтүндү.

«Министрди кызматтан алууну карайбыз деп жатабыз. Бул адам саламаттыкты сактоо тармагын оптимизациялоодо республика боюнча абдан чоң иштерди жасаган адам. Экинчиден, өлкө ичиндеги ооруканалар менен үй-бүлөлүк медицина борборлорун кошкон. Пандемия боюнча бир топ жакшы иштерди жасап, Түркия, Орусиядан бери кыдырып келген. Жакшы иштеген кишини жөн коюш керек. Ал уу-коргошунду ичкиле деген жок. Бул — элдик дарылоо. Каныкей муну Манаска берген, денеси чыңалсын деп. Жакшы ойлорду жасап келаткандарга тескери иш кылгандарды мен көрө албайт элем. Кээде кемчилик кетип жатат, бирок көпчүлүк маселе боюнча ийгиликтерге жетип атат. Бул жердеги 120 депутаттан аны колдоп коюуну суранат элем», — деди ал.

Уу-коргошун чуусунан кийин Жогорку Кеңештин комитети өкмөткө саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу сунушун берген.