Депутат: «Кинодон көргөндөй эле биз да бир Түрк жаранын уурдайлы. Анан Орхан Инандыга алмаштыралы»

Бүгүн, 7-июлда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Жыйында депутаттар «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын уурдалышы боюнча маалымат угуп, суроолоруна жооп алып жатышат. Жыйындын жүрүшүндө депутат Марлен Маматалиев ТИМдин өкүлүнөн Кыргыз жаранын өлкөгө кайтарып алууга болор-болбосун сурады.

«ТИМ айтсаңыз, реалдуу түрдө жараныбызды алып келе алабызбы же жокпу?» — деди ал.

Буга ТИМдин өкүлү кечээ, 6-июлда Түркиянын Кыргызстандагы элчисине нота тапшырылганын айтып, Инандыга жолугуу суранычын Түрк тарап карап жатышканын айтты.

Депутат ИИМ министринен «биздин түрмөдө отурган Түрк жараны барбы?» деп сурады. Министрдин айтымында, адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүрүп кармалган Түркиянын жарандары бар.

«Менин айтайын дегеним, ошолор менен керек болсо алмаштыруу маселесин көтөрөйүн дедим. Башка вариант жок да, туурабы? Же болбосо, баягы эскиче, кинолордо көргөндөй эле, биз бирөөнү уурдашыбыз керек. Анан алмаштырыш керек деген эле нерсеге алып келип жатабыз», — деди эл өкүлү.