Депутат: «Кой-Таштагы аскердик бөлүктөр Ак Үйдү коруйбу?»

Баткенге көңүл бурушубуз керек. Бул тууралуу депутат Жусупбек Коргонбай уулу жыйында билдирди.

«Финансы жагынан да жардам беришибиз керек. Ошондой эле Кой-Ташта аскердик бөлүктөр турат. Ак Үйдү коруйбу? Балыкчыда да бар. Ошолордун баарын Баткенге жылдырыш керек. Аскерлерди даярдоо мекемелерин, аскер окуу жайларын Баткенге жеткириш керек. Баткенди күчөтпөсөк, Тажикстандын кайра кол салбарын эч ким айта албайт», — деди ал.