Депутат Кокулов: «Ак-кеме» мейманканасына караганда жанындагы чакан кафе көп киреше табат»

«Ак-кеме» мейманканасына караганда жанындагы чакан кафе көп киреше табат». Бул тууралуу депутат Эрулан Кокулов бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Ак-Кеме» мейманканасы банкрот болуп жатат. 16 кабаттан турган килейген имарат, шаардын эң кымбат жеринде турган отелди атайын эле банкрот кылып жатышкандай сезилет. 2021-жылы 300 миң сом киреше табышыптыр. Ушул эле мейманкананын жанындагы 20 чарчы метрден турган кафенин ижара акысы 300 миң сом экен. Ошондо кандай болуп калат? Чоң аянты, бассейни, үстүндө кафеси бар 16 кабаттуу имаратты банкрот кылып жатышабы? Эмне үчүн 20 чарчы метр болгон кафе килейген отелге караганда жакшы акча табат? «Ак-Кемеге» барып суроо салдым, алар беш лифтинин бири да иштебей калганын айтышты. Президенттик номердин бир күндүк баасы 1700 сом, жөнөкөй номери 1000 сом экен. Башка ушундай баадагы мейманкана барбы? Комитетте ар аптанын дүйшөмбү күндөрү талкуулаганыбыз эле кредит. Колубузда турганды эмне үчүн иштете албайбыз?» — деди депутат.