Депутат Кокулов министр Иманалиев менен болгон чууга түшүндүрмө берди

Бүгүн, 6-сентябрда депутат Эрулан Кокулов билим берүү министри Каныбек Иманалиев менен анын кабинетинде орун алган чуу боюнча журналисттерге түшүндүрмө берди.

«Чоң эле министр «ишеним телефон номери ишке кирди» деп коюп, бирок видеодон көрүп жатасыңар, ал номер кимде экени белгисиз болуп жатат. Бул популизм. «Ишеним телефон номери ишке кирди» деп коюп, бирок ага жооп бербей жатышат. Телефон кайсы жерде деп сурасам, билбей отурушат. Албетте, билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин отставкасын талап кылам», — деди депутат.