Депутат комитетте казино боюнча мыйзам долбоору 2-3-окууда каралып, жактырылганын билдирди (видео)

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин бюджет комитетинде казино боюнча мыйзам долбоору 2-3-окууда каралып, жактырылганын билдирди.

«Мен каршы добуш бердим. Мен каршы болгонумдун себеби, онлайн казиного да, 24 саат бою казинону ЖМКлардан, теледен жарнамалоого уруксат берилет экен. Бул кыргызстандыктар да казиного кире алат дегенден кабар берет», — деди ал.