Мадумаров: «Коомчулук азыр быкшып, ичинен бышып келе жатат. Жакында жарылат»

Дыйкандар жер семирткич ала албай эзилип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров билдирди.

«Биз быйыл дыйкандарды канчалык эзип жатканыбызды билбей жатабыз. Улам-улам кайрылуу келип жатат. Лейлек районундагы Кулунду айылы боюнча. Жер семирткич бүтүндөй буулуп калган. Бул тойбой койду посттор. Губернатор бүгүн чекит коем деп жатат. 24-майдан бери ушул абал. Дыйкандарды какшатып бүттүңөр го, садагалар.

Бул жерде айта бергенден пайда жок болуп калды. Мен талап кылам, бүгүндөн калбай айыл чарба министрин чакырып, УКМКны чакырып, Бажы кызматы менен кошо чакырып, чекит коюшубуз керек. Мындан ары кимге кайрылыш керек? Мен эскертип коеюн. Азыр быкшып, ичинен бышып келе жатат. Бир күн жарылат. Аз калды. Мен бүт президентке эскерткем. Аз калды, садагалар, аз калды. Элдин канын какшатып бүттүңөр», — деди депутат.