Депутат Козуев: «Аймактарда төмөн сапаттагы интернетти жогорку баада сатышып, элди тоноп жатышат»

«Аймактарда интернет-провайдерлер 4G менен 5G интернетин сатышат, бирок ал сапаты боюнча 3G. Төмөн сапаттагы интернетти жогорку баада сатышып, элди тоноп жатышат». Бул тууралуу кечээ, 15-мартта Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында депутат Алишев Козуев билдирди.

Ал интернеттин сапатын ким текшерерин жана ким мониториг жүргүзүп турарын сурады. Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Талант Калыков аймактарда интернеттин сапатына байланыштуу көйгөйлөр бар экенин айтты. «Биз операторлордон өлкөнүн 96 пайызы интернет менен камтылган деген маалымат алганбыз», — деди министрдин орун басары.

Алишер Козуевдин айтымында, өлкө боюнча интернеттин камтылышы 96 пайызды эмес, 70 пайызды да түзбөйт.