Депутат: «КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын кайра түзүүнү сунуш кылам»

Жогорку Кеңеш Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңешинин отчётун канааттандырарлык эмес деп тапты. Отчётту 32 депутат жактырды, 19у каршы добуш берди. Парламенттин жарымы тарабынан жактырылбаган соң, отчёт кайтарылган деп таанылды.

Депутат Бейшеналы Нурдинов билдиргендей, анын жыйынтыгында Байкоочу кеңештин учурдагы курамы таркатылат, парламент жаңысын шайлайт.