Бекешев Бөкөнтаевге: «Сиздин Курманбек Бакиевдин кадры экениңизди билем»

«Кубанычбек Кеңешович, мен сизди жеке тааныбайм, бирок сиз Курманбек Бакиевдин кадры экениңизди билем» деди бүгүн, 29-сентябрда депутат Дастан Бекешев Улуттук банктын төрагалыгына талапкерлигин коюп, колдоо тапкан Кубанычбек Бөкөнтаевге кайрылып.

«Эске салгым келет, сиз Улуттук банктын жетекчисинин орун басары болуп турганда биздин өлкө «кир жуучу машинага» айланып, ал жерде акча «жуулган» (ред. кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаштыруу). Сиз өзүңүз «Азия Универсал Банктын», «Ысык-Көл Инвестициялык Банкынын» ишине катыштыңыз. Ушундай болгонбу? Сиздин убакта канча банк банкрот болду? Биздин финансылык беделибиз өтө начар болчу. Сиз Орусияга Борбордук банк менен жолугушуу үчүн барасыз, алар сиз кааласаңыз да, каалабасаңыз да муну сизге дайыма эскертип турушат. Мен жөн гана эскертип жатам. Соңку 11 жылдан бери чыгармачылык менен алектенип келгенсиз. Эми «мен билбейм, маалымат жок» деп жатасыз. Улуттук банкты кантип башкарасыз?» — деп сурады депутат.

Буга карата Кубанычбек Бөкөнтаев банк иштери менен аргасыздан алек болбогонун, аны бул иштен четтетип коюшканын билдирди. «Кылмыш иши улам кийинкиге жылдырылып келди. Октябрь окуяларынан кийин 2021-жылы Башкы прокуратурага дагы кайрылдым. Берилген көрсөтмөлөрдөн баш тартылган жана тергөө мыйзамсыз жүргүзүлгөн деген негизде иш кайра каралып, анан кыскартылды. Бул саясий куугунтук болчу», — деди ал.