Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев социалдык тармактарда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылды.
Төмөндө кайрылуунун тексти: (түп-нускасы орус тилинде жарыяланган)
«Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич,
Жакында Баткен облусуна болгон иш сапарыңыздагы жарандар менен жолугушууда сиз Жогорку Кеңештин депутаты Жумалиев Кубанычбектин кармалышы жөнүндө айтып жатып, төмөнкүлөрдү баса белгилегенсиз:
«Ал кантип Бишкектеги 33 гектар жери бар ишкананы бизнестин жардамы менен сатып алмак? Эч нерсе сатып алган эмес. Булардын бардыгы улуттук менчик. Ичинде 37 чоң имарат бар, мунун баарын ал кантип сатып алды? Ал сатып алган жок. Алар мунун бардыгын мамлекеттен туура жана туура эмес жолдор менен менчиктештирип алышкан. Бул байлыкка өзү, андан кийин балдары жана чөбөрөлөрү дагы жашашат. Бирок мамлекеттен уурдабагандар ошол эле деңгээлде калышат”, — дедиңиз.
Сиз айткан сөздөрдү көпчүлүк маалымат каражаттары чыгарды. Бирок жогоруда келтирилген фактыларга негиздүү пикир билдирүүнү зарыл деп эсептейм.
2009-жылы К.Жумалиев «Аструм» ЖЧКнын 50% акциясын Орусиядан келген ишкерден 15 200 000 сомго сатып алган. Ишкердин аты — А.Волосовец. Бул үлүштү сатып алуу үчүн К.Жумалиев “ФинансКредитБанк” ААК банкынан 700 000 АКШ долларын насыяга алган.
Ошентип, К.Жумалиев «Аструм» ЖЧКнын үлүшүн мурунку компьютердик заводдун имараты түрүндө экинчи рынокто сатып алган. Ал менчиктештирүүгө, сатууга жана аукциондорго катышкан эмес. Башкача айтканда, К.Жумалиев ишкер катары катардагы келишим түздү. Бул — бизнес.
Сиз, Камчыбек Кыдыршаевич, эмненин негизинде К.Жумалиев менчиктештирип алган жана эч нерсе сатып алган эмес деп ырастайсыз? Сиз укук коргоо органынын башчысысыз жана мындай такталбаган айыптоолорду айтпашыңыз керек.
Ошондой эле, сиздин сөзүңүз К.Жумалиевдин 33 гектар жерди сатып алгандыгы боюнча малымат чындыкка дал келбейт. Бул «Аструм» ЖЧКсы болгону 8,8 гектар жерди ээлейт. Башкача айтканда, сиз туура эмес маалыматты ачыкка чыгарып жатасыз.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, коомчулукка чындыкка дал келбеген маалыматтарды бербөөнү суранам. Кантсе да, бул дагы сотко чейинки өндүрүш объективдүү же бир тараптуу жүргүзүлүп жаткандыгынын көрсөткүчү. Тилекке каршы, учурда тергөө «биз сени түрмөгө камап, андан кийин аныктайбыз» деген маанайда өтө эле бир тараптуу жүргүзүлүп жатат.
Кылмышка шектүү деп кармалганы таптакыр негизсиз экендигине карабастан, К.Жумалиевдин курагы өтүп кеткендигине карабастан, аны камакта калтырдыңар. Анда эмне үчүн ушул сыяктуу айыптоолор менен башка адамдар үй камагына чыгып жатышат?
Мен сизден объективдүү иликтөө жүргүзүп, эмоцияларды жокко чыгарып, бирөөнүн оюу менен болбой, фактылар боюнча, объективдүү далилдер боюнча гана чечим кабыл алууңузду суранам».
Эскерте кетсек, К.Жумалиевге коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген болчу.