Депутат: «Камакка алынган Кубанычбек Нурматов Тажикстанга элчи болмок»

«Кыргызстан» фракциясынан парламенттин экс-депутаты Кубанычбек Нурматов Тажикстанга элчи болуп жөнөтүлөт деп күтүлүп жаткан. Бул тууралуу Дастан Бекешев Telegram-каналында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, ал тургай тажик тарап агреманды кабыл алган, тагыраагы макулдук берген. Буга чейин расмий Душанбе элчиликке сунушталган айрым талапкерлерден баш тарткан. «Эми Нурматов алдамчылыкка шектүү катары абакта. Биздин кадр саясаты абдан аксап жатат», — деди ал.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты алдамчылык фактысы боюнча кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал 2013-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган учурда 500 миң доллардан ашык суммадагы кыймылсыз мүлктү алдамчылык менен алган.