Депутат: «Кумтөр» кадрдык алмашуулар, сатылган, казылган алтындар боюнча маалымат берсин»

«Мен буга чейин «Кумтөр» боюнча маселе көтөрүп айткан элем. «Кумтөр» отчет берсин, кандай кадрдык алмашуулар болуп жатат, канча алтын чыгып жатат, канча алтын сатылды жана башка». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Кемелов айтып чыкты.

«Мен муну айтсам, алар мага шайлоодо өтпөй калганынан улам деп көңүл айтып жүрүшөт. Бул эмне деген шумдук. «Кумтөрдүн» расмий жообу ушундайбы? Мен депутат болбосом да, элге кызмат кылып келгем, кыла берем. Убагында Садыр Жапаров да чыркыраса да эч ким көңүл бурган эмес. Акыры барып, чындык орноду. Мен да айтып жатам. Бизге маалымат берсин», — деди ал.