«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери «Кумтөрдүн» алтын чуусу боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады

Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурланбек Шакиев «Кумтөр» алтынынын Кыргызстандан чыгарылып кетишинин мүмкүндүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, өкмөт бул маселе боюнча отчет менен келиши керек болчу, бирок келе элек. Эл өкүлү бул комиссияга бардык фракция лидерлери жана дагы бирден депутат кириши керек деп эсептейт. Ал бул маселени жыйындын күн тартибине киргизүүнү суранды.