Депутат Кундузбек Сулайманов: «Насыя жөнөкөй элге деп берилип жаткандан кийин эл алышы керек»

Депутат Эльвира Сурабалдиева жеңилдетилген шартта бериле турган насыяны ала турган ишканалардын арасында министрлер менен депутаттарга таандык компаниялар бар экенин айтып чыкты. Бул коомчулукта түркүн ойлорду жаратып, Министрлер кабинетинен агроөнөр жай тармагын насыялоо үчүн бөлүнө турган 10 миллиард сом боюнча маселени өзгөчө көзөмөлгө алынарын билдиришти.

21-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев калп маалымат таратылып жатканын, насыянын акчасы келе электигин айтты. Мындан улам депутаттарга «Жеңилдетилген насыяны чоңдор да ала турганы сынга кабылды. Бул туурабы?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Кундузбек Сулаймановдун айтымында, кредит алчу киши ойлонушу керек. «Жөнөкөй элге деп берип жаткандан кийин жөнөкөй эле алса жакшы болмок. Кимдер алып жатканын билбейм, бирок мен ал жактан алмак эмесмин. Мен буга каршымын», — деди ал.