Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташты. Ага ылайык, жогорку билимге ээ эмес депутаттыкка талапкерлер шайлоого катыша алышат. Эл өкүлдөрү өздөрү бул боюнча кандай пикирде?
Депутат Нуржигит Кадырбековдун айтымында, бул жагдай Баш мыйзамда каралган эмес. «Бул ойлоно турган маселе. Бир жагынан билим аба менен суудай керек. Ошол эле мезгилде Кыдыр аке, Тилекмат аке, Курманжан датка аларда кайсы илим-билим болду эле? Мекенге болгон сүйүү болгон. Азыркы шайлоодо деле мекенчил адамдар бар, бирок дипломдору жок болуп, шайлоого бара албай калышты. Ойлоно турган маселе. Бирок билим абдан керек», — деди ал.
«Замана деген ушундай таптпганга жараша түшүм берет кызылдай,тарбияна жараша уулун болот замана» деп Нурмолдо атабыз айткандай Тилекмат аке, Кыдыр аке, Курманжан датка энебиздин заманында ,заманына жараша көпчүлүк эл билимсиз болгон, азыркы заманга билим керек.