Депутат кымбатчылык тууралуу: «Бул катастрофа жана мында коррупция бар»

«Бул катастрофа жана мында коррупция бар». Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда депутат Султанбай Айжигитов комитеттик жыйында билдирди.

Анын айтымында, соодагерлерге айына азык-түлүк товарларынын баасын 20 пайызга көтөрүүгө уруксат берилген, бул алар ай сайын бааны жогорулата алат дегенди билдирет.

«Эмне үчүн 20 пайыздык чекти жылына деп койгон жоксуңар? Ошондо алар ашып барса, айына 1,5 пайызга көтөрө алышмак. Азыр болуп жаткан бул катастрофа жана мында коррупция бар», — деди ал.