Депутат: «Кыргыз-тажик чек арасында акыбал жеңилдештин ордуна андан бетер татаалданып кетүү коркунучу турат»

«Кыргыз-тажик чек арасында акыбал жеңилдештин ордуна андан бетер татаалданып кетүү коркунучу турат». Бул тууралуу фракциянын убактысын сурап, трибунага чыккан депутат Султанбай Айжигитов билдирди.

«Биздин аймакта турган Ворух анклавында өтө маанилүү объекттер бар. Эгер ушул жердеги тилкени алдырып койсок, Баткен облусунун жарымы анклав болуп калат дагы, аны жоготуп алабыз. Ошол тилкени сактап турган эки пост болчу», — дегенде төрага Талант Мамытов сөзүн бөлүп, жашыруун маалыматтар бар же жогун сурады.

«Мен Тажикстандын агрессиясын айтканы жатам. Муну бүт дүйнө билиши керек», — деди депутат.

Айрым депутаттар чек ара маселесин жабык эшик артында кароону да сунушташты. Бирок Айжигитов жашыруун сыр жок экенин айтып сөзүн улантты. «Эки пост болчу. Бирөөсүн 2019-жылы алдырып салышкан. Азыр эми «Дача» деген постту алдырып жатабыз. Көзөмөлдү толугу менен жоготуп жатабыз дагы, сойломо жол менен кирип, ошол участокту ээлеп алганга жол берип жатабыз. Экинчи маанилүү тилке «Булак-Башы». Ушул пост биздин жерибизди басуу жолунан коргоп турган. Азыр ошону ачып жатабыз. «Тамдык» чек ара тозотун да алып салдык. Демек, алар сойломо жол менен ээлей беришет. Демек, бул посттор аскердик согуштун булагы имиш. Эми ошону алып салсак, тынчтык болот имиш. Биз адашып жатабыз. Кагылышуунун булагы Тажикстандын бийлигинин расмий саясатында болуп жатат», — деди ал.