Депутат: «Кыргызстанда жарандар зөөкүрлөрдү таш бараңга алабыз деген учурга жетти»

«Биздин өлкөбүздө жылдан жылга зомбулук күчөп, фактылар көбөйүп баратат. Мурдатан бери «баарына аял өзү күнөөлүү» дегенди көп угабыз. Бирок балдардын кандай күнөөсү бар?». Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова ушундай суроо салды.

«16 жашар кыздын үй-бүлөсү чогулуп алып, таш бараңга алабыз деген талаптарды коюп, өзүлөрү зөөкүрлөрдүн тагдырын чечебиз дегенге келип калдык. Эмне үчүн? Анткени күч органдары иштебей жатышат. Зөөкүлөр көп учурда эркиндикте жүрүшөт. Анткени кыздар уялып, сотко чейин барышпайт. Тагдыры талкаланган соң, кыз ата-энесинен коркуп, уялып, айтпайт. Айткан күндө дагы айрым ата-энелер, туугандар кордоп башташат», — деди ал.

Ал мындан тышкары, күч органдары бул боюнча иштерди күчөтүшү керек деп эсептейт. «Кыргызстанда жарандар зөөкүрлөрдү таш бараңга алабыз деген учурга жетти», — деди ал.