Депутат Кыргызстандагы орусиялык телеканалдарды өчүрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурлан Шакиев Кыргызстандагы орусиялык телеканалдарды, тактап айтканда «Биринчи канал» менен «Россияны» өчүрүүнү сунуштады.

Анын айтымында, Кыргызстан бюджеттик акчаны орусиялык каналдарды көрсөтүүгө жумшай албайт. «Чет элдик телеканалдарды элдин эсебинен көрсөтпөшүбүз керек. Ушул эки каналды өчүрүп, жергиликтүү телеканалдарга шарт түзүп беришибиз керек”, — дейт эл өкүлү.

Ал ошондой эле балдар үчүн кыргыз тилиндеги контентти көбөйтүүнү сунуштады. «Кыргыз тилиндеги мультфильмдерди, жомокторду көрсөтүүнү көбөйтүү керек. Балдарыбыз эне тилин билишпейт», — деди депутат.