Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков жыйында Кыргызстандан 700дөн ашык адамдын сөөгү чет өлкөгө чыгарылган окуя тууралуу айтты.
«2000-жылы мен депутат болуп турганда иликтөө кылып, кылмыш иши ачылган. Жыйынтыгында Медициналык академиянын ректору, Григорий Бубель аттуу генерал, Жазаларды аткаруу кызматынын 20 чакты кызматкери иштен алынган. Кызарт айылынын тургуну Максат Качкыналиев документ боюнча өлгөн катары катталып, өзү 1 айдай кыйноого кабылып, айыбы ачылганда көчөгө таштап коюшкан. 1 айдан кийин ата-энеси көмүшкөн. Кеңешбек Жаналиев Свердлов районунда дайынсыз жоголгон адам катары катталган. Аны чет өлкөгө сатып жиберишкен.
Жалпы чет өлкөгө 700дөн ашык адамдын сөөгү чыгарылган. Анын арасынан 500 чактысы соттолгондордуку. 100 тоннадан ашык органдар убактылуу чыгарылган. Алар кайтканбы? Соттолгондордун сөөгү ата-энесине кайра берилгенби?» — деп кызыкты депутат.