Депутат: «Кызыл зонадагы дарыгерлерге айлык берилбей жатат»

Кызыл зонада иштеген дарыгерлерге эки жарым айдан бери эмгек акысы берилбей жатат. Бул тууралуу депутат Наталья Никитенко парламент жыйынында билдирди.

Эл өкүлү Министрлер кабинетинен бул маселени чечүүнү талап кылды. «Мен дарыгерлерге төлөнүшү керек болгон компенсация жөнүндө айткан жокмун. Коронавирус кеткен жок, кызыл зоналар дагы эле иштеп жатат. Эмнеге медицина кызматкерлерине мындай мамиле кылып жатабыз?» — деди ал.