«Бүтүн Кыргызстан» фракциясы кыргыз-өзбек чек арасын тактоо тууралуу макулдашууну ратификациялоону колдобойт

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясы кыргыз-өзбек чек арасын тактоо тууралуу макулдашууну ратификациялоону колдобойт». Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинде депутат Адахан Мадумаров билдирди.

«Фракция буга түбүнөн каршы. Бул Кыргыз мамлекетине өтө катуу сокку ура турган, келечекте бизди алсыз абалга келтире турган ишке бара жатабыз. Кечээ Өзбекстандын премьер-министри парламентте сүйлөп жатып, «биз чоң стратегиялык жеңишке жетиштик» деп айтты. Бул сөздүн ичинде кандай маани жатканын бир канча жылдан кийин түшүнөрсүңөр», — деди депутат.