«30 жылда бир кыш алып келген эмессиз». Депутат Исмаилов Садыр Жапаровду мактап, Адахан Мадумаровду сындады

«Мен Адахан Мадумаровго айтат элем. Каерде болсо да, ал өзүнүн пиары үчүн сүйлөйт. Мындайды токтотуңуз». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Фархат Исмаилов билдирди.

«Мындай сүйлөгөн болбойт. Мамлекет кыйын акыбалда турганда, сабыр кылып турган жакшы. Мен Мадумаровго айтат элем. Дин жөнүндө сүйлөйсүз, бирок билбегениңиз өкүнүчтүү. Шайлоо учурунда да дин жөнүндө сүйлөдүңүз. Динде өлкө башчысына кимдир бирөө каршы сөз айтса, Күндү карап таш ыргыткан менен барабар деп айтылат. Ал таш өзүңүзгө тийиши мүмкүн. Биздин мамлекетке азыркы президенттей 30 жыл эч ким жакшы иштерди алып барган эмес. Сиз 30 жылда бир кыш алып келген эмессиз. Сиз менен тең келе турган жигит мүнөз адам аз. Сиз менен бир аял киши эле теңелбесе… Дүрбөлөң кылбаңыз. Бул жерге чыгып мага комментарий бербеңиз», — деди ал.