Депутат: «Мадумаров боюнча сунушту парламент карабаса, парламент тарайбы же башкы прокурор отставкага кетеби?»

«Эгерде биз бул сунуштаманы карабасак, анда кандай жоопкерчилик болот?» — деп сурады Жогорку Кеңештин 10-февралдагы жыйынында депутат Исхак Масалиев. 

Ал кесиптештерине 2011-жылы мыйзам кабыл алынганын, ага ылайык, Жогорку Кеңештин аппараты, президенттин аппараты бирдей маяна алыш керек экенин, бирок мыйзам ушул убакка чейин аткарылбай келе жатканын эске салды. «Сунуштаманын мазмунун жана максатын баарыбыз билебиз. Саясий оюндарга кийлигишпей, аткарылышын эске албасак, кандай жоопкерчилик каралган? Парламент тарайбы же башкы прокурор отставкага кетеби?» — деген суроону койду.

Спикер Талант Мамытов жобого ылайык парламентке коюлган маселелер каралышы керектигин айтты.