Депутат Маматалиев бааны негизсиз көтөргөндөргө миллион сом айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду

Депутат Марлен Маматалиев бааны негизсиз көтөргөндөргө миллион сом айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Бул тууралуу эл өкүлүнүн өзү соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында бааны негизсиз көтөрүп, доллар менен накталай эсептешүүлөрдү жүргүзгөн жарандарга жана ишканаларга айып пулду көбөйтүүнү караган мыйзам долбоору тууралуу маалымат бердим. Мыйзам долбоору азыр коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбооруна ылайык, базарларда жана соода түйүндөрүндө социалдык маанидеги товарлардын баасын негизсиз жогорулаткандыгы үчүн жеке жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн 200, юридикалык жактарга 10 миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салынат», — дейт депутат.

Өткөн аптада депутат Марлен Маматалиев азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөргөндөргө айып пулду миллион сом кылууну сунуштаган болчу.