Депутат Маматалиев: «Карапайым эл оң рулдуу унаага муктаж. Жол кырсыктар рулдан эмес, көбүрөк адамдын өзүнөн»

«Карапайым эл оң рулдуу унаага муктаж. Жол кырсыктар рулдан эмес, көбүрөк адамдын өзүнөн». Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев SuperTV каналынын «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып билдирди.

«Карапайым эл оң рулдуу унаага муктаж. Япониянын унаасы Европанын машинасына караганда аз оңдолот. Майын эле алмаштырып коюп эле жүрө беришет. Баасы жагынан да арзан. Европадан алган машинанын баасына Япониядан жаңысын алууга болот. Көздөгөн максат ошол эле. Анан жол кырсыктары көп болот деп жатышканы боюнча, ал оң рулдуу же сол рулдуу болгону үчүн эмес, көбүрөөк адамдын өзүнөн. Азыр мыйзам долбоорун палатага чыгара элекмин, анткени колдой турган депутаттардын санын арттырып алсак деп жатам. Макул болгон 25 эл өкүлүн топтоп койгом. Мен аны 45ке жеткиришим керек. Бул элге керектүү мыйзам», — деди депутат.