Депутат Маматалиев: «Куран окутканга 2 миң, тойго 5 миң сом алып барам»

Депутат Улукбек Ормонов той-аш өткөрүүдө чектөөлөр камтылган мыйзам долбоорун демилгелеп жатат. Документ ысырапкорчулукка каршы жана пандемияга байланыштуу экендиги айтылат. Ага ылайык, үйлөнүү-үлпөт тойлоруна 200дөн 300гө чейин адам катышуусу керек. Маркумду акыркы сапарга узатуу ири мүйүздүү мал жана жылкы союусуз, куран окутуу 100дөн 300гө чейин адамды чакыруу менен өткөрүлүшү шарт. Мыйзам долбоорунда бул талаптарды бузгандар жоопко тартылат, ал эми кызмат адамы болсо, иштен алынат деп жазылган. Буга байланыштуу SUPERTV телеканалынын «Собол TIME» рубрикасынын  алкагында депутаттарга кайрылдык.

Депутат Марлен Маматалиев бул мыйзам долбоорду жарым-жартылай колдой турганын билдирди. «Мунун эки жагы бар. Ысырып болуп жатканы анык. Башка бирөө той бериптир деп баласы ата-энесин кыйнап, алар насыя алып, ошол насыяны өмүр бою төлөгөндөр бар. Элдин баары жакшы жашаса, чектебей деле койсо болмок. Биз намыс деген нерсени катуу карманабыз да. Карызга батып баратабыз. Ал эми чириген байлар да бар», — деди ал.

Ал ошондой эле куран окутканы барганда 2 миң сомдой алып барарын, тойдун кошумчасынын баасы көбөйүп кеткенин айтат. «Тойго 5 миң сомдон кем эмес барасың да. Акыркы жолу 5 миң сом, 100 доллар көтөрүп баргам», — деди ал.