Депутат Маматалиев: «Мындан ары эл өкүлдөрү башкага добуш берип, кнопка баса алышпайт»

«Мындан ары эл өкүлдөрү башкага добуш берип, кнопка баса алышпайт». Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев соцтармактагы баракчасына билдирип, Жогорку Кеңештин Регламентине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө жазды.
«Эми депутаттар бири-бири үчүн добуш берип, кнопка баса алышпайт, добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун манжалардын тактары жана/же беттин геометриясы боюнча таануу функциясын пайдалануу менен ачык добуш берүү болот. Мандатты эл бергендей кийин эл эми кайра артка чакыртып алса болот. Депутаттын позициясына карап мандаты чечилип калбашы керек. Бир мандаттууларга өзүнүн округундагы шайлоочулардын 50 пайызынын колу керек. Ал шайлоочулар ошол округда бир жылдай жашашы шарт. Бир күндө кол койгон кишилерди бир аймакка каттатып алышы мүмкүн. Уюштуруучу топ Юстиция министрлигине билдирүү калтырышы шарт. Бир мандаттуу округдан 50 миңден ашык кишинин кол топтолуп, Жогорку Кеңешке келет. Парламентте комиссия түзүлүп, жалпы жыйында чечим кабыл алынат. Ал эми партия боюнча келген депутаттын мандатын алуу үчүн өлкө аймагындагы 70 миңдей кол чогултулат. Жогорку Кеңешке келгенге чейин партия дагы чечимин чыгарат. Мурда 30 жолу себепсиз ишке келбеген депутаттар мандатынан ажырачы, азыр 10го кыскартылды», — деп жазат депутат.