Депутат Маматалиев: «Оң рулдуу унаа менен эл ташыгандарга тыюу салынганы жатыптыр. Алар үй-бүлөсүн кантип багат?»

«Оң рулдуу унаа менен эл ташыгандарга тыюу салынганы жатыптыр. Алар үй-бүлөсүн кантип багат?». Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Азыр өкмөт оң рулдуу таксисттерге тыюу салуу боюнча иш жүргүзүп жатыптыр. Бул туура эмес. Ал таксисттердин башка унаасы жок болсо, алган унаасы ошол болсо, ошону менен үй-бүлөсүн бакса, эми тыюу салынганы жатат. Алар эмне кылат? Кайсы унаа менен иштейт? Аны сата да албайт. Башка алайын десе, Орусиядан же Европадан келген унаа алышы керек болот, алар кымбат. Акчасы жетпейт. Оң рулдуу унааларды кесиптештер азыр колдобой жатышат. Колдоп койсок болот эле. Жол кырсыктары деп жатышат, ал адамдын өзүнөн. Бул маселени биз кайра чыгарабыз», — деди депутат.