Депутат Маматалиев: «Оор мезгилде акча жасагандар — бул элдин душманы»

«Оор мезгилде акча жасагандар — бул элдин душманы». Бул тууралуу SUPERTV‘нын «Собол тайм» рубрикасынын алкагында жооп берип жатып депутат Марлен Маматалиев айтты.

Соңку күндөрү өлкөдө азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттап кетти. «Бул жаатта бийликтин жүргүзгөн ишине депутаттар кандай баа беришет? Эл түшкөн дүрбөлөңгө алар же үй-бүлөсү да түшүп, базарга барып, азык-түлүктү бастырып сатып алдыбы?». Ушундай суроо менен депутаттарга кайрылдык.

«Жагдайдан пайдаланып калган спекулянттарга чара көрүшүбүз керек. Оор мезгилде элден акча жасап жаткан жарандарды элдин душманына теңейт элем. Биздин үй-бүлө дүрбөлөңгө түшкөн жок, мен да ага жол бербейм», — деди Маматалиев.