Депутат Маматалиев: «Ошто бетон тирөөчү жок курулган үй 4 баллдык жер титирөөдө эле кулайт»

Кечээ, 29-апрелде Жогорку Кеңештин «Ынтымак» фракциясы Ош облусунда көчмө жыйын өткөрүшүп, экологиялык жана сейсмикалык коопсуздукка байланышкан маселелерди талкуулашты.

Алсак, экинчи борбордун экологиялык абалы өзгөчө кыш мезгилинде Бишкектен кем калбай, кооптуу абалга жеткени белгиленген. Расмий маалыматтар боюнча Ош шаарында 98 миң автоунаа катталса, бул сандар шаарга кирип-чыккан транспортторду эске алганда 170 миңге чейин көбөйөрү айтылды. Ошондой эле эч кандай уруксатсыз, тиешелүү нормаларга жана талаптарга ылайык келбеген курулуштар боюнча да көйгөйлөр көтөрүлдү.

Талкуу маалында депутат Балбак Түлөбаев Бишкекке караганда Ошто ыш өтө коркунучтуу экенин айтып, көмүргө тыюу салып, отундун башка альтернативдүү булактарына өтүү керектигин кошумчалады.

Фракция лидери Марлен Маматалиев 5 кабаттан турган үй арматураланган бетон тирөөчтөрү жок курулганын сүрөттөр менен мисал кылып көрсөттү. «Түркияда жер титирөө биздеги сапатсыз курулуш маселесин козгоду. Бул бир гана үй, мындай объекттер оңдоп саналат. Булар 4 баллдык жер титирөөнү да көтөрө албайт, өтө коркунучтуу», — деди депутат.

Өз кезегинде Ош шаарындагы курулуш, архитектура жана көзөмөл боюнча мекеменин жетекчиси Руслан Суракматов мыйзамсыз жана сапатсыз курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ээлерине эскертүүлөр берилгенин, бирок алар өз билемдик кылганын жана учурда соттошуп жатышканын маалымдады.

Фракция мындан ары ар бир объект курулуп бүткөндөн кийин 9 баллдык жер титирөөгө туруштук берери боюнча атайын аппарат менен текшерилип туруп гана колдонууга берилсин деген чечим чыгарды. Ал үчүн тийиштүү мыйзам долбоору даярдалып жатканы белгилүү болду.