Депутат Маматалиев ымыркай төрөлгөндө эле ага эсеп ачып, окуусуна жана үй алганга акча топтоону сунуштады

Депутат Марлен Маматалиев «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоор сунуштады.

«Ар бир 18 жашка толгон жаран мамлекет тарабынан, ата-эне, кайрымдуулук фонддор тарабынан материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүлсүн деп ушул мыйзамды жаздык. 18 жашка чыккандардын саны 2022-жылы 102 миң 151ди түзөт. Бул 100 миңден 67 миң гана бала мектепти бүтүрүп жатат. Эң кызыгы, 67 миңден болгону 24 миңи гана студент болуп, кабыл алынып жатат. Бул албетте, акча маселеси. Бала жаңы төрөлгөндө, биз ага банктан эсеп ачалы деп жатабыз. Төрөлгөндө эле ага мамлекет тараптан акча салынса, ата-энелерге да ошол жакка акча салганга мүмкүнчүлүк түзүлсө, ал эми жетим балдарга ар кандай кайрымдуулук фонддон акча түшсө, 18 жашка чейин эсепте көбөйсө, 18 жаштан кийин ал акчаны 2 гана багытка кетире алат. Окууга жана ипотекага үй алганда, анын алгачкы акчасын төлөөгө гана корото алат», — деди ал.

Депутат статистикалык маалыматтарды да бөлүшө кетти. Анын айтымында, өлкөдө жетим балдардын саны учурда 5400дүн тегереги. Ошондой эле ата-энесинин багуусунан ажырагандардын саны 18 миң 321 баланы түзөт.