Депутат мамлекет жүрөк-кан тамыр оорусунан жабыркаган балдарга көңүл бөлбөй жатканын билдирди

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган балдардын маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, Кыргызстанда бир жылда 1,5 миң бала жүрөк кемтиги менен төрөлөт, 350 бала каза табат. Мамлекет аларга жетиштүү көңүл бура албай келет.

«Жарандарынын ден соолугуна кам көрүү — мамлекеттин милдети. Балдарда ден соолук жок болсо, бизде кайдагы экономика, кайдагы билим? Жалда Эне жана баланы коргоо улуттук борбору бар. Ошол жерде кардиохирургия борборуна даяр имарат турат. Ошонун бүтүшүнө 20% калыптыр. Жабдууларын, техникаларды алууга жарыбаган акча керек экен, 30-40 миллион сомдун тегереги. Өкмөт ошол борборго акча бөлүп берсе, жакшы болмок. Биз керек эмес жерге акча жумшайбыз, ушуга окшогон маселелерге акча таппай калабыз. Ушуну премьер-министрге жеткирип, мага жообун берип койсоңуздар«, — деди ал өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып.