Депутат: «Мамлекеттик ишканаларды бириктирип, министрликти «монстр» кылбаш керек»

Министрлер кабинети “Кыргызтелеком”, “Мегаком”, “Дастан” баштаган мамлекеттик ишканаларды Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берген. «Бул төрт ири ишкананы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүү туура болдубу?» деген суроо менен эл өкүлдөрүнө кайрылып көрдүк.

Депутат Нуржигит Кадырбековдун айтымында, бир структураны «монстр» кылбашы керек. «Коррупцияга жол ачылат. Чечим кабыл алуу абдан узап кетет. Ыкчам чечим кабыл алынбайт. Баарын бириктирип жатышат. Ийгилик көрүнбөй эле. Мен каршымын», — деди ал.