Депутат мамлекеттик ишканалардын министрликке өтүшү боюнча: «Казынага көп салык төлөшсө болду»

Министрлер кабинети “Кыргызтелеком”, “Мегаком”, “Дастан” баштаган мамлекеттик ишканаларды Санарип өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берген. «Бул төрт ири ишкананы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүү туура болдубу?» деген суроо менен эл өкүлдөрүнө кайрылып көрдүк.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу бул боюнча баа берүү азыр эрте деп эсептейт. «Аны убакыт көрсөтөт. Балким жакшы иштеп кетет, казынага көп салык төлөп. Баа бергенге эрте. Эң башкысы мамлекеттик ишканалар мамлекетке көбүрөөк салык төлөгөнү кызыкдар»,— деди ал.